Буу менен жылытуу
Көрүнүш
Буу менен жылытуу – жогорку температурадагы суу буусун өткөрмө түтүктөр (буу өткөргүчтөр) аркылуу жылыткыч жабдыктарга берип жылытуу системасы. Ал борбордук жылытуунун бир түрү. Буу менен жылытуу системасында жылыткыч жабдыкта буу конденсацияланган кезде (буу каныкканда) суу пайда болуудан жылуулукту бөлүп чыгаруу касиети колдонулат; пайда болгон конденсат (каныкма) конденсат-өткөргүч аркылуу борбордук жылытуу тармагына же жылытылуучу имаратта жайгашкан буу казанына кайтарылат. Анда иштетилген (мисалы, буу машинасынан, буу барасынан жана башка жабдыктардан чыккан) буу да колдонулушу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4