Бухгалтердик эсеп

Википедия дан

Бухгалтердик эсеп — каржылык жана чарбалык ишмердигинин натыйжаларын эсептөө тутуму. Башкача айтканда юридикалык жактын активдери, милдеттенмелери, менчик капиталы, киреше менен чыгашалары тууралуу маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу, кабарлоо аркылуу жыйноо жана өлчөө тутуму.

Бухгалтердик эсептин жардамы аркасында чарбалык каражаттардын туура пайдаланылышына, ишканалардын чыгымдары менен кирешелерине көзөмөлдү ишке ашырууга байкоо жүргүзүлөт, алардын чарбалык ишинин каржылык натыйжалары аныкталат, чарба ресурстарын туура эмес чыгымдоонун себептери белгиленет жана аларды эң рационалдуу пайдалануунун чаралары көрүлөт.

Бухгалтердик теңдемде накта мүлк, өздүк каражаттар фонду жана карыз каражаттар чагылдырылууга тийиш.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  • Чалова К. Бухгалтердик эсеп: Окуу куралы. - Б.: Шам, 1996.— 456 б. ISBN 5-7499-0030-4