Бухгалтерия экспедициясы

Википедия дан

Бухгалтерия экспедициясы – 1714–20-ж. Казакстандын Иртыш боюна орус аскерлерине чеп куруу үчүн уюштурулган. 1714-ж. Пётр I лейбгвардия подполковниги И. Д. Бухгольц башында турган аскердик экспедицияны Чыгышка жиберүү тууралуу указга кол койгон. 70тей замбирек менен куралданган 3 миңге жакын аскерлер Тобольск шаарынан чыгып, 1716-ж. Иртыштын жээгинде Омск, Ямышев, 1717-ж. Железинск, 1718-ж. Семипалатинск, 1720-ж. Коряков (Павлодар), Усть-Каменогорскпде аскердик-инженердик курулуштарды, кийин Верблюжский, Черноморский, Осморожский, Семиярский жана башка согуштук коргонуу жайларын салышкан. Ал мезгилде жуңгарлар менен кармашып жаткан казактар Россиянын бул баскынчылык аракеттерине каршылык көрсөтө алышкан эмес. Бул чептер кийин Россияга Сарарканы, Иртыш бою менен Алтайды толугу менен басып алууга ыңгайлуу жагдай түзгөн Кузнецк, Сибирь жана башка аскер чептерин курууга мүмкүнчүлүк берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]