Бухта

Википедия дан

Бухта (немецче Bycht) – океан, деңиз, булуң же көлдүн кургактыкка бир аз кирип турган чакан бөлүгү. Кээде ачык деңизден тумшуктар, аралдар, сайроондор аркылуу бөлүнүп да калат. Б. көбүнчө кеме токтоого ыңгайлуу болот. Ысык-Көлдө Барскон, Күрмөнтү, Кызылсуу, Чолпон-Ата, Тамга бухталары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]