Бучудардын түйүлүшү

Википедия дан
Балтыр булчуң түйүлгөндө өзүнө өзү жардам көрсөтүү: бир кол менен буттун башын түзөп, экинчи кол менен балтыр булчуңду ушалоо (стрелка менен кыймылдын багыты көрсөтүлгөн).

Булчуңдардын түйүлүшү — булчуңдардын капысынан эрксиз жыйрылышы. Нерв системасынын ооруларында (талма, селейме, невроздор), ууланганда, зат алмашуу жана ички секреция бездеринин иши бузулганда болот. Себептерине жараша капысынан кармайт же мезгили менен кайталанып турат. Кээ бир оорулууларды чочутканда (капысынан катуу үн чыкканда; ийне менен сайганда), терең дем алганда, өтө ысык бөлмөдө, ичкиликти көп ичкенде булчуңдар түйүлөт. Ал бир аз убакытка созулат, көбүнчө катуу ооруйт. Дени соо киши көп басканда, ошондой эле сууда сүзгөндө көбүнчө балтыр булчуңдары түйүлөт.


Басып жүргөндө булчуң түйүлсө, бир кол менен буттун кетменин кыймылдатып, ошол мезгилде экинчи кол менен балтыр булчуңду өйдө-ылдый сылоо керек. Отурганда же жатканда булчуң түйүлсө, тез ошол буттун таманын жерге текши тийгизип туруу оң.

Булчуңу көп түйүлгөн кишиге алыска сүзүүгө болбойт. Жалпы булчуңдар түйүлгөн приступта (мисалы, талма) киши эстен танып жыгылып калышы мүмкүн. Бул убакта тезинен догдур чакыруу зарыл. Догдур келгенче оорулуу бир жерин кокустатып албасын үчүн кармап туруу, башына жумшак нерсе төшөп жана тилин чайнап албасын үчүн оозуна кашыкты чүпүрөккө ороп тиштин ортосуна коюу сунуш кылынат. Булчуңдардын түйүлүшү — демейде оорунун белгиси, андыктан догдурга кайрылып, себебин табуу жана дарылоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8