Буш Жорж

Википедия дан

Буш Жорж (12.6.1924-ж.т., АКШ, Массачусетс штаты) – америкалык саясий жана мамлекеттик ишмер; АКШнын 41-президенти (1989–93). АКШ сенаторунун уулу. 2-дүйнөлүк согуш учурунда аскер-деңиз авиациясында кызмат өтөгөн. Согуштан соң Йель университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Техаста нефть компаниясын негиздеген. 1966-ж. Республикалык партиядан Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына шайланган. 1971–72-ж. БУУда АКШнын туруктуу өкүлү, 1974–75-ж. АКШнын Пекиндеги байланыш миссиясынын жетекчиси. Республикалык партиянын 1974-ж. Никсондун отставкага кетүүсүн талап кылган комиссиянын төрагасы болгон. 1971–75-ж. ар кандай дипломатиялык иштерди аткарган. 1976–77-ж. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору, 1981–89-ж. Р. Рейгандын администрациясында вице-президент, 1989жылдан АКШнын президенти. Ал Эл аралык мамилелерге өзгөчө көңүл буруп, президент М. С. Горбачевдун саясатын колдогон. 1991-ж. Кувейтти ирактык аскерлерден бошотууда анын демилгеси менен уюштурулган «Чөлдөгү бороон» согуштук операциясы ийгиликтүү ишке ашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]