Буянов Иван Андреевич

Википедия дан

Буянов Иван Андреевич (1897- 1965) - колхоз кыймылынын ишмери, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950, 1957).

1931-жылдан КПССтин мүчөсү. 1929-ж. ал 25 миңчилер менен кошо айыл чарбасына жиберилип, Москва областынын Ленин районундагы Ильич атындагы колхозго председатель болуп шайланган. Буяновдун жетекчилиги менен (1929-63) колхоз өлкөдөгү алдыңкы чарбага айланган. СССР Жогорку Советинин (5-6-шайл. ) депутаты. КПССтин 21-22-съезддеринин делегаты. Ленин ордени, "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.