Буccоль

Википедия дан

Буccоль – магниттик меридиан менен кандайдыр бир нерсеге жиберилген багыттын (азимуттун) арасындагы горизонттук бурчту өлчөөчү геодезиялык аспап. Айнектелген тегерек кутучанын ортосунда бекитилген айланма магнит жебеси болот. Кутучада градустарга бөлүнгөн тегерекче (лимб) жана бир нерсеге багытталуучу оптикалык дүрбү бар. Буссоль топографиялык-геодезиялык жумуштарды жүргүзүүдө, артиллерияда жана башка пайдаланылат да, анын артиллерияда асма, күзгүлүү, автоколлимациялык түрлөрү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]