Бхарата

Википедия дан

Бхарата – арийлердин байыркы индиялык уруусу. Алар панчалдар менен биригип, Индияда 1-ири мамлекетти түзгөн (биздин заманга чейинки 7-кылым) куру уруу союзуна кирген. «Бхарата укум-тукуму» Кауравалар менен Пандавалар жөнүндөгү уламыштар индиялык «Махабхарата» эпосуна негиз болгон. Бхаратаварши (Жамна менен Сатлеж дарыясынын аралыгы) бхараталар аймагынын аталышы, көпчүлүк учурда бүткүл Индия ушундай аталган. Ушундан улам азыркы Индия Республиканын хинди тилинде расмий аталышы Бхарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]