Быков Василь

Википедия дан

Быков Василь - (Василий Владимирович) (19. 6. 1924, Витебск облусу, Умшач району, Бычки кыштагы – 22. 6. 2003, Минск) – жазуучу, Беларусь эл жазуучусу (1980), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1984), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1974), Лениндик сыйлыгынын (1986), Элдик адабият фонду сыйлыгынын лауреаты (1997). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Анын чыгармаларынын негизги темасы согушаары «Адамдын өлүмү» (1967), «Жыйырманчы» (1958), «Турналар үнү» (1960), «Үчүнчү ракета» (1962), «Круглянск көпүрөсү» (1969), «Сотников» (1970), «Обелиск» (1973), «Барып кайтпай калуу» (1978), «Кайгынын белгиси» (1982)повесттеринде согуш жылдарындагы адамдын жүрүм-турумун, адеп-ахлак маселелерин чагылдырган. Соңку жылдары «Катюша», «Политрук Коломиев» (1999) аттуу чыгармалары жарык көргөн. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]