Мазмунга өтүү

Быков Яков Васильевич

Википедия дан

Быков Яков Васильевич (26.1.1913, Чуваш Республикасы, Красночетай району, Торханы кыштагы – 10.2. 1988) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1961), профессор (1962), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1960), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1963). Казан университетин бүтүргөн (1938). Мектепте мугалим болуп иштеген (1931–38). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1941–46). Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, илимий иштер боюнча проректор, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика-математика институтунда бөлүм башчы (1946–66), Краснодар политехникалык институтунда, Ставрополь политехникалык институтунун Черкесскидеги филиалында кафедра башчысы (1966–78), кайрадан Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, Кыргыз ССР Илимдер академиясында улук илимий кызматкер, кеңешчи болуп иштеген (1978–84). Бир нече илимий эмгектердин автору. Эмгектери: О некоторых задачах теории интегро-дифференциальных уравнений. Ф., 1957.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]