Мазмунга өтүү

Былжырлуу козу карындар

Википедия долбоорунан
Tubifera ferruginosa.

Былжырлуу козу карындар (Myxomycota) — хлорофиллсиз, денеси былжырлуу козу карын сымал организмдердин тобу. Булардын 500 түрү белгилүү. Көпчүлүгү — космополиттер. Вегетативдик денеси көп ядролуу, чел кабыксыз, цитоплазма–плазмодийден турат. Алар токойдогу чириген сөңгөктө, нымдуу жерлерде өөрчүйт. Көпчүлүгү сапрофиттер, айрымдары өсүмдүктөрдү (картошка, капуста) илдетке чалдыктырат. Өкүлдөрү: ликогала (Lycogala), трихия (Trichia), физариум (Phisarium).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]