Бытый мөңгүсү

Википедия дан

Бытый мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,3 км, аянты 3,5 км2. Ысык-Ата суусунун оң куймасы – Бытыйдын төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4270 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3970 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Бытый өрөөнүнүн төрлөрүндө таштуу мөңгүлөр бар. Алар цирктерден башталып, өрөөндүн тик капталдарына чейин созулат; мореналар текши жаткан жерлери да бар. Таштуу мөңгүлөр капталдардан жана төрлөрдөн жылып түшүп, өрөөндү бөгөп калган. Мөңгүдөн Бытый суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]