Бычуу

Википедия дан

Бычуу - малдын жыныс бездерин хирургиялык ыкма менен алып таштоо. Бычылган мал жоош келип, борго байланганда жакшы семирет. Эти сапаттуу болот. Бычуу кээде малдын жыныс мүчөсүнүн сезгенишин, башка жараттарын айыктыруу үчүн да жасалат. Бычылган айгыр - ат, бука - өгүз, кочкор - ирик деп аталат. Жылкы бышты кезинде, торпок алты айында мээлүүн мезгилде (жазында, кээде күзүндө) түшкө чейин бычылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]