Бычуучу машина
Көрүнүш
Бычуучу машина – бычуу үчүн даярдалып коюлган кат-кат полотнону үлгүгө салып кесүүчү машина. Кездеменин бычылышы машинанын конструкциясына, кездеменин калыңдыгына жана сапатына жараша болот. Тигүү өндүрүшүндө бычагы көбүнчө түз жана диск түрүндөгү машиналар колдонулат. Мындай машинанын бычагы болоттон жасалып, алдыга жана артка жылат. Бычагы диск түрүндөгү машина кесүүгө даярдалган материалды тез кесет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4