Бышыктоочтор

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бышыктоочтор Кыймыл – аракеттин сыпатын сан өлчөмүн, мезгилин , ордун жана себеп-максат кырдаалдарын билдирип турган айкындооч сөздөр бышыктооч деп аталат.
М: Арсен жетимишке барып калдым дейт.
Ачкалыкта жеген куйканы тойгондо унутпаБышыктоочтук милдет аткаруучу сөздөр.

1 Чакчыл формадагы этиш сөздөр аткарат.


2 Тактооч сөз түркүмдөрүнүн бардык түрлөрү сын жана сан атоочтордун айрым түрлөрү бышыктоочтук милдетти атооч жөндөмө формаларында туруп аткарат.
М: Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Жамила экенин дароо тааныды.

3 Зат атоочтор бышыктоочтук милдетти барыш, жатыш жана чыгыш, жөндөмө формаларында туруп аткарат.
М: Кырманда жумуш азан-казан болуп жатты.

4 Бышыктооч мүчөлөр жандоочтор тутумдашып турган атооч тактооч сөздөрдөн турушу да мүмкүн.
М: Күчкө салбай акыл менен иштөө керек.

5 Барыш жөндөмөдөгү же жандооч тутумдашып турган же болбосо максатында аракетинде деген сыяктуу функционалдык жардамчы сөздөр айкалышып тургун кыймыл атоочтор да аткарат.
М: Илим-били лып калган

Бышыктоочтун түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

1 Сыпат бышыктооч - Кыймыл-аракеттин сыпатын, мүнөзүн, кандайча болгонун сыпаттап турган бышыктооч мүчөлөр сыпат бышыктооч д.а.Кантип? кандайча? кандай? эмне болуп? деген суроолорго жооп берет.
М: Ошол сайда аккан суу шаркырап угулат.
Сөзүнүн аягын ушундайча жыйынтыктады.

2 Өлчөм бышыктооч – сан-иретин, аралык, мезгил, жаш, сан-ирет өлчөмдөрүн билдирип турган бышыктооч мүчөлөр өлчөм бышыктооч д.а.
Канча? неч? канчанчы? неченчи? канча жолу? нече жолу? канча ирет? канчага, канча мертебе? деген суроолорго жооп берет.
М: Далайга чейин комуз чертти.
Аргымактын жакшысы – азыраак оттоп, көп жуушайт,
Азаматтын жакшысы – азыраак сүйлөп,көп тыңшайт.

3 Мезгил бышыктооч - Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун болгон, болуп жаткан, же боло турган мезгилин билдирген айкындооч мүчө мезгил бышыктооч деп аталат. Качан качанга чейин, качандан бери, качандан тарта, качандан тартып, кайсы убакта, кайсы кезде, кайсы маалда, кайсы учурда. деген суроолорго жооп берет.
М: Жаш кезинде жигиттин гүлү эле.
Көз байланган учурда айыл тарапка бет алышты.

4 Орун бышыктооч – Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин ордун, багытын көрсөтүп турган бышыктооч мүчөлөр орун бышыктооч д.а. Каякка? Кайдан? Кайда? Каякта? Каерге? Каерде? Каерден? Каякты көздөй? Каякка карай? Каяктан бери? Каерден тарта? Каякка чейин? Каерге чейин? деген суроолорго жооп берет.
М: Айылдан эртең менен чыгып, станцияга түш оой барабыз. Алым чуркаган бойдон дарбазага жөнөдү.

5 Себеп бышыктооч – Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин болушунун, анын орундалышынын себебин көрсөтүп турган бышыктооч мүчөлөр себеп бышыктооч д.а. эмне үчүн? Эмнеликтен? Эмне себептүү? Эмне себептен? Кандай себептен? Кайсы себептүү? Кайсы себептүү? деген суроолорго жооп берет.
М: Окуганы үчүн ал кишини макташ керек.
Шашканымдан сүрөтүмдү беките койдум.

6 Максат бышыктооч – Сүйлөмдө кыймыл-аракеттин максатын көрсөтүп турган бышыктооч мүчөлөр максат бышыктооч деп аталат.
Эмнеге? эмне үчүн? эмне максат менен? деген суроолор берилет.
М: Келечек үчүн аракет кылды.
Адам үчүн, жакшылык үчүн жашоо – бардыгынан жогорку кубаныч.

   Сүйлөмдүн бир сөздөн турган бышыктооч мүчөлөрү жөнөкөй бышыктооч деп аталат.

М: Степан айылда чоңойгон.

Өз ара ажыралгыс биримдикте турган сөз айкалыштарынан болгон бышыктооч мүчөлөр тутумдаш бышыктооч деп аталат. М: Ушундан он чакты күн мурда мага бирөө бир кат окутту.

Далдааны пайдалана калып, чуулдата атып бара жатат.