Бышыктык чеги

Википедия дан

Бышыктык чеги, бекемдик чеги – материалдын механикалык мүнөздөмөсү. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) убактылуу каршылык көрсөтүү үлгүнүн талкалануу алдында эң чоң күчкө туруштук берүүчү шарттуу чыңалуусу (аракет этүүчү күч үлгүнүн алгачкы туурасынан кесилиш аянтына болгон катышы менен аныкталат); 2) бышыктык чеги талкалануу аймагында үлгүнүн туурасынан кесилиш аянты өзгөрбөй убактылуу каршылык көрсөтүүсү, мисалы, чоюлууга дуушар болгон үлгүнүн ичкербей (жергиликтүү ичкерүү) туруп үзүлүшү. Бышыктык чеги бир аз өлчөмдөгү пластикалуу деформация (майышма өзгөрүү) кезинде талкалана турган материалдын негизги мүнөздөмөсү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]