Бэкон, Фрэнсис

Wikipedia дан
Бэкон Фрэнсис

Чыгармачылык жолу[оңдоо]

Фрэнсис Бэкон (1561—1626) — Жаңы замандын тажрыйбалык илиминин негиздөөчүсү деп эсептелет. Ал өзүнүн алдына илимий усулду түзүү милдетин койгон биринчи философ болгон. Анын философиясында Жаңы замандын философиясын мүнөздөөчү башкы принциптер биринчи жолу иштелип чыккан. Бэкон ак сөөк тектен чыккан жана бүткүл өмүрү бою коомдук жана саясый ишмерликти өтөгөн: адвокат, жамааттар палатасынын мүчөсү, Англиянын лорд-канцлери болгон. Өмүрүнүн акырына жакын ченде ал сот ишин жүргүзүүдө пара алды деп күнөөлөнүп, коом тарабынан айыпталат. Ал ири штрафга (40 000 ф.ст) өкүм кылынып, парламенттик полномочиесинен ажыратылып, соттон куулуп жиберилет. Ал сууктун этти бузулуудан сактай тургандыгын далилдөө үчүн, жана муну менен өзү иштеп чыгып жаткан эксперименталдык илимий усулдун күчүн үлгү катарында көрсөтүү үчүн тооктун ичине кар толтуруп жатып, өпкөсүнө суук тийгизип алат да 1626-жылы каза табат.
Өзүнүн философиялык чыгармачыл ишмердигинин эң башталышынан тартып эле Бэкон ошол кезде үстөмдүк кылып турган схоластикалык философияга каршы чыгып, тажрыйбалык таанымга негизденген «табият» философиясынын доктринасын сунуш кылат. Бэкондун көз караштары Кайра жаралуунун натурфилософиясынын жетишкендиктеринин негизинде калыптанат жана ал көз караш изилденип жаткан кубулушка аналитикалык мамиле жасоого негизденген натуралисттик дүйнө түшүнүктү жана эмпиризмди өзүндө камтып турган. Ал интеллектуалдык дүйнөнү кайра куруунун кеңири программасын сунуш кылып, мурдагы жана өз заманындагы философиянын схоластикалык концепцияларын катуу сынга алат.
Бэкон «акыл дүйнөсүнүн чектерин» тажрыйбалык илим алда канча көбүрөөк өнүккөн XV—XVI кылымдардагы Бэконго замандаш коомдо болуп жаткан жетишкендиктер менен дал келтирүүгө умтулган. Бэкон алдына койгон маселени «илимди терең кайра курууга» аракет жасоо түрүндө чечүүнү билдирип муну ал: «Илимдин кадыр-баркы жана аны арттыруу жөнүндө» (өзүнүн эң чоң эмгегинде), «Жаңы Органондо» (анын эң башкы чыгармасында) деген трактаттарында, жана «табият тарыхы», жаратылыштын айрым кубулуштары жана процесстери боюнча жазылган башка эмгектеринде баяндайт.

Илим классификациалоо[оңдоо]

Бэкондун илим түшүнүгү баарынан мурда илимди жаңыча классификациялоону камтыйт, мунун негизине ал адам жанынын эс, кыял (фантазия), акыл сыяктуу жөндөмдүүлүктөрүн коёт. Буга ылайык, Бэкондун ою боюнча, тарых, поэзия, философия башкы илимдер болууга тийиш. Таанымдын жана бардык илимдердин эң башкы милдети, Бэкон боюнча, — жаратылышка үстөмдүк кылуу жана адам турмушун өркүндөтүү. «Соломондун үйү» (өзүнчө бир изилдөө борбору, Академия сыяктуу, бул идея Бэкон тарабынан «Жаңы Атлантида» деген утопиялык романында көтөрүлгөн) деген чыгармасынын сөздөрү боюнча алганда: «коомдун милдети — бардык нерселердин себептерин жана жашырын сырларын таанып-билүү, адамдын жаратылыштын үстүнөн болгон бийлигин толук ишке ашырганга чейин кеңейтүү болуп саналат» [Чыгарм., 2-том. 499-6.].
Практика жүзүндө жетишилген натыйжалар — илимдердин ийгилигинин критерийи. «Натыйжалар жана практикалык ойлоп чыгарылгандар философиянын чыныгылыгынын кепилдери жана күбөлөрү» [Чыгарм., 2-т. 37-6.]. Билим — бул күч, бирок чыныгы билим гана күч боло алат. Мына ошондуктан Бэкон тажрыйба жүргүзүүнүн: жемиш берүүчү жана жарык берүүчү эки түрүн айырмалайт. Биринчилери — адамга түздөн-түз пайда алып келе тургандары, ал эми жарык берүүчүлөрү — жаратылыштын терең байланыштарын, кубулуштардын мыйзамдарын, нерселердин касиеттерин таанып-билүүнү максат кылып койгон тажрыйбалар. Тажрыйбалардын экинчи түрүн Бэкон көбүрөөк баалуу деп эсептейт, анткени булардын натыйжаларын пайдаланбай туруп жемиш берүүчү тажрыйбаларды ишке ашыруу мүмкүн эмес. Биздин алган билимдерибиздин анык эместигин Бэкон далилдөөнүн күмөндүү формасы менен шартталган деп эсептейт, анткени ал идеяларды негиздөөнүн ой жүгүртүүдөн жана түшүнүктөн турган силлогиялык формасына таянат. Бирок түшүнүк, эреже катарында, жетиштүү түрдө негизделип аныкталбайт. Аристотелдин силлогизм теориясын сынга алууда Бэкон дедуктивдик далилдөөдө пайдаланылуучу жалпы түшүнүктөр — өтө шашылыш түрдө иштелген тажрыйбалык билимдин натыйжасы дегенге таянат. Өзү тарабынан, билимдердин пайдубалын түзгөн жалпы түшүнүктөрдүн маанилүүлүгүн моюнга алуу менен Бэкон башкы нерсе — бул түшүнүктөрдү туура түзүү деп эсептейт, анткени, эгерде түшүнүктөр шашылыш, калпыс түрдө түзүлсө, анда ошол түшүнүктөргө таянып турган нерселер да бекем боло албайт.
Бэкон сунуш кылган илимди реформалоодо башкы кадам — корутундулоонун усулун өркүндөтүү, индукциянын жаңы концепциясын түзүү болууга тийиш.
Бэкондун тажрыйбалык-индуктивдик усулу жаратылыштын фактылары менен кубулуштарын талдап кароо жолу менен, акырындап жаңы түшүнүктөрдү түзүүдө турат. Бэкондун пикири боюнча, ушундай усулдун жардамы менен гана бир жерде тыпырап туруп калбай жаңы акыйкаттарды ачууга болот.
Дедукцияны четке какпай, Бэкон таанымдын ушул эки усулунун айырмалары менен өзгөчөлүктөрүн төмөнкүчө аныктайт: «Акыйкатты ачуунун эки жолу бар жана алар жашай алат. Бир жол туюп-сезүүдөн жана жекеликтерден бир кыйла жалпы аксиомаларга карай көтөрүлөт жана да бул негиздерге жана алардын төгүндөлгүс акыйкаттыгына таянып, орто аксиомаларды ачып, талдайт. Бул жолду азыр да пайдаланышат. Ал эми экинчи жол аксиомаларды туюп-сезүүлөрдөн жана жекеликтерден алып келип чыгарат да, тынымсыз жана акырындык менен көтөрүлүп отуруп, акыры түбү бир кыйла жалпы аксиомаларга келет. Бул жол чыныгы жол, бирок текшерилбеген жол» [Чыг. 2-т. 14-15-6.].

Индукция[оңдоо]

Индукция проблемасы өткөндөгү философтор тарабынан мурда эле коюлган болсо да, Бэкондо ал башкы мааниге ээ болуп, жаратылышты таанып-билүүнүн биринчи даражадагы каражаты катарында чыгат. Ошол кезде тарап жүргөн жөнөкөй санап чыгуу аркылуу келүүчү индукцияга карама-каршы далилдеп-ырастоочу фактыларды байкоонун натыйжасында гана эмес, далилденип жаткан жобого кайчы келе турган кубулуштарды изилдеп-үйрөнүүнүн натыйжасында да алынуучу жаңы корутундуларды бере ала турган, анын айтканы боюнча, чыныгы индукцияны биринчи планга алып чыгат.
Ойлонуштурулуп жасалбаган корутундуну жокко чыгаруунун бирден бир жолу ушул. Терс инстанциялар деп аталгандарды барк албоо, Бэкондун ою боюнча,— жаңылыштыктардын, жалган ишенимдердин, жалган көз караштардын башкы себеби.
Фактыларды чогултуп-топтоо жана аларды системага келтирүү Бэкондун индуктивдик усулуна зарыл этап катарында кирет. Бэкон изилдөөнүн үч таблицасын түзүү идеясын сунуш кылат, алар: бар нерселердин таблицасы, жок нерселердин таблицасы жана орто аралыктагы баскычтардын таблицасы. Эгер кимдир бирөө, Бэкон жакшы көргөн мисалды пайдаланып, жылуулук формуласын тапкысы келсе, анда ал биринчи таблицага жылуулукка тиешеси бар нерселердин баарын топтойт да, жалпы мүнөзгө ээ болбогон нерселердин баарын алып таштайт, башкача айткандажылуулуктун бар болуп турушун шарттаган нерселердин баарын топтойт. Экинчи таблицада биринчи таблицадагыга окшогондорду, бирок жылуулук бербей турган нерселерди топтойт. Мисалы, биринчи таблицада жылуулук бере турган күндүн нурлары көрсөтүлүшү мүмкүн, экинчисине — ай менен жылдыздардан тараган, бирок жылуулук бербей турган нурлар киргизилет. Мына ушундай жол менен жылуулук берип турган нерселердин баарын бөлүп алууга болот. Акырында келип, үчүнчү таблицада ар түрдүү даражадагы жылуулук сакталып турган нерселер топтолот. Ушул үч таблицаны пайдаланып, биз Бэкондун идеясына ылайык, жылуулуктун негизин түзүп турган себептерди, атап айтканда, Бэкондун ою боюнча — кыймылды аныктай алабыз. Кубулуштардын жалпы касиеттерин изилдөө жана аларды талдап-кароо принциби мына ушундан көрүнөт.
Эксперимент жүргүзүү да Бэкондун индуктивдик усулуна кирет. Эксперимент жүргүзүү үчүн аны кайра өзгөртүп, кайталап, бир тармактан экинчи тармакка которуштуруп, ыңгай-шартты мурдагы абалына кайтарып, токтотуп коюп, башкалар менен байланыштырып жана бир аз өзгөртүлгөн кырдаалда аны изилдеп-үйрөнүү маанилүү. Мына ушундан кийин чечүүчү экспериментке өтүүгө болот.

Тажрыйбаны колдоонуу[оңдоо]

Бэкон фактыларды тажрыйба аркылуу жалпылоону өз усулунун өзөгү катарында карайт, бирок ал аны бир жактуу түшүнүүнүн жактоочусу болгон эмес. Бэкондун эмпирикалык усулун айырмалап турган нерсе анын фактыларды талдоодо акыл-эске максималдуу даражада таянганы болуп саналат. Бэкон өзүнүн усулун гүлдөрдүн ширелерин искеп, анан аны өз чеберчилиги менен балга айландырган аарынын өнөрүнө салыштырат. Ал кумурскага окшоп жолдо жолуккандын баарын чогулта берген (бул жерде ал алхимиктерди айтып жатат) олдоксон эмпириктерди жана жөргөмүштөр сыяктуу билимдин желесин өз ичинен токуган (схоластарды айтып жатат) абстрактуу догматиктерди айыптаган.
Бэкондун ою боюнча, акыл-эсти төрт түрдүү жаңылыштан тазалоо илимди реформалоонун өбөлгөсү болууга тийиш. Таанымдын жолундагы бул тоскоолдуктарды ал идолдор (буттар: жасалма кудайлар) деп атайт, алар: тукум, үңкүр, аянт жана театр идолдору. Тукум идолу — бул адамдын тукум куучулук жаратылышы менен шартталган жаңылыштыктар. Адамдын ойломунун өз кемчиликтери бар, анткени ал «нерселердин жаратылышын өз жаратылышына аралаштырып, нерселерди ийри-буйру кылып, бузуп көрсөтө турган кыйшык күзгүгө окшош келет» [Чыгарм.,2-т. 18-6.]. Адам жаратылышты дайыма адамга салыштырып талдап-карайт, бул, жаратылышка мүнөздүү болбогон түп максатты теологиялык түрдө ага жамаштыруудан көрүнөт. Тукум идолу дал мына ушундан байкалат. Жаратылыштын кубулуштарынан чындыгында табыла турган нерселерден көбүрөөк тартип-ырааттуулукту күтүү адаты — бул тукум идолдору. Тукум идолуна, Бэкон, адам ой-акылынын негизделбеген корутундуларга умтулушун да таандык кылат. Ал көпчүлүк учурда айланып жүргөн планеталардын орбитасы тегерек деп эсептелинерин негизделбеген түшүнүк катарында көрсөткөн.
Үңкүр идолдору — бул жеке адамга же кээ бир адамдардын тобуна мүнөздүү болгон, алардын субьективдүү симпатияларына жана жакшы деп тапкандарына байланыштуу болгон жаңылыштыктар. Мисалы, айрым изилдөөчүлөр байыркы авторитеттердин жаңылышпастыгына ишенишет, башкалары жаңыга артыкчылык беришет. «Адам акылы бул жөнөкөй эле куру жарык эмес, аны эрк менен кумарлык чыйралтып турат, ал эми бул болсо илимде ар ким каалаган нерсени жаратат. Адам көбүнчө өзү жакшы деп тапкан нерсенин акыйкаттыгына ишенет... Кумарлык көп сандаган, кээде байкалбаган ыктардын жардамы менен акыл-ойду булгап жана бузат» [Чыгарм. 2-т. 22-6.].
Аянт идолдору — бул адамдардын сөз аркылуу карым-катышынан жана сөздөрдүн адамдардын акыл-оюна тийгизген таасиринен кутулуунун кыйындыгынан улам пайда болуучу жаңылыштыктар. Бул идолдордун пайда болушунун себеби төмөнкүчө: сөздөр өз ара аталыштар, белгилер аркылуу карым-катышта болот, алар нерселердин эмне экендиги жөнүндө айтып бере албайт. Мына ошондуктан, адамдар сөздөрдү нерселер катарында кабыл алышканда сөздөр жөнүндө бүтпөгөн талаш-тартыштар келип чыгат.

Чиркөөдөгү Бекондун айкели Тринити-колледжи

Театр идолдору[оңдоо]

Театр идолдору — авторитеттерге сокурларча ишенүүгө, жалган көз караштар менен пикирлерди сын көз менен карабай эле өздөштүрүп алуу менен байланышкан жаңылыштыктар. Бул жерде Аристотелдин системасы менен схоластиканы эске алып отурат, буларга сокурларча ишенүү илимий билимдердин өнүгүшүнө тоскоол болуучу таасир берген. Ал акыйкатты авторитеттин эмес, убакыттын кызы деп атаган. Адамдардын акыл-оюна тескери таасир берүүчү жасалма философиялык жоболор жана системалар — анын пикири боюнча, өзүнчө бир «философиялык театр» болгон. Бэкон тарабынан иштелип чыгып, илимдин негизин түзгөн индуктивдик усул, анын пикири боюнча, материяга мүнөздүү болгон ички, предметке таандык болгон касиеттердин — кыймылдын белгилүү бир түрүнүн материалдык маңызы болуп саналган формаларды изилдөөгө тийиш. Касиеттин формасын бөлүп көрсөтүү үчүн предметтен бардык кокус нерселерди алып таштоо керек. Кокус нерселерди чыгарып салуу, албетте,— ой процесси, абстракция.

Бэкондун формалары[оңдоо]

— бул «жөнөкөй жаратылыш» формалары, же физиктер иликтеп-үйрөнө турган касиеттердин формалары. Жөнөкөй жаратылыш дегенибиз — бул ысык, ным, муздак, оор жана дагы ушу сыяктуу нерселер. Алар көптөгөн нерселер куралып пайда боло турган «жаратылыш алфавити» сыяктуу. Бэкон формаларга «мыйзамдар» катарында кайрылат. Алар — дүйнөнүн фундаменталдык структурасынын детерминаттары жана элементтери. Ар түрдүү жөнөкөй формалардын айкалышы бүткүл көп түрдүү чыныгы нерселерди жаратат. Бэкон тарабынан өнүктүрүлгөн форма түшүнүгү ал тарабынан Платон менен Аристотелдин форманы абстрактуу түрдө талкуулаганына карама-каршы коюлган, анткени Бэкон үчүн форма — бул телону түзгөн материалдык бөлүкчөлөрдүн өзгөчө бир кыймылы.
Бэкон үчүн, тааным теориясындагы башкы нерсе — кубулуштардын себептерин изилдөө. Себептер ар түрдүү болушу мүмкүн, алар физика изилдей турган аракеттеги себептер, же метафизика иликтеген акыркы себеп болушу мүмкүн.
Бэкондун методологиясы кийинки кылымдардагы, XIX кылымга чейинки мезгилдеги изилдөөнүн индуктивдик усулун иштеп чыгууну бир кыйла даражада озунуп иштелген экен. Ошондой болсо да Бэкон өзүнүн изилдөөлөрүндө, анын мезгилинде эле тажрыйбаны аңдап-түшүнүүнүн гипотетикалык-дедуктивдик усулу пайда болуп калган болсо да билимдин өнүгүшүндө гипотезанын ролун жетиштүү даражада баса көрсөткөн эмес, бул усул боюнча тигил же бул божомол, гипотеза каралат да, андан ар түрдүү натыйжалар чыгарылат. Мында дедуктивдүү түрдө ишке ашырылган корутундулар тажрыйба менен салыштырылып көрүлөт. Мындай учурда математикага чоң роль таандык, бирок Бэкон математиканы жетиштүү даражада өздөштүргөн эмес болучу жана ал кезде математикалык табият илими жаңы эле калыптанып жаткан эле.

"Жаңы Атлантида" чыгармасы[оңдоо]

Өмүрүнүн акыркы жылдарында Бэкон утопиялык мамлекет жөнүндөгү «Жаңы Атлантида» (өлгөндөн кийин 1627-жылы жарыкка чыгат) деген китебин жазат. Бул чыгармасында ал келечектеги мамлекетти сүрөттөп көрсөтөт, бул мамлекетте бардык өндүргүч күчтөр илимдин жана техниканын жардамы менен өзгөртүлөт. Анда Бэкон адамдардын турмушун сүрөттөп көрсөткөн ар түрдүү таңкаларлыктай илимий-техникалык жетишкендиктер жөнүндө жазат: мында адамды керемет менен айыктыра турган бөлмө, суу түбүндө жүрө турган кайыктар, көрүүгө ылайыкталган ар түрдүү нерселер, үндү аралыкка берүү, өлгөн адамды тирилтүүчү куралдар жана да көптөгөн нерселер бар. Жазылган жаңылыктардын айрымдары иш жүзүндө ишке ашырылды, башкалары фантазия бойдон кала берди, бирок мунун баары Бэкондун адамдын акыл-эсинин күчүнө чексиз ишенгендигин далилдеп турат. Азыркы тил менен аны техпократ деп атоого болор эле, анткени ал оз заманынын бардык проблемаларын илимий-техникалык прогресстин жолунда чечүүгө болот деп эсептеген.

Дин жөнүндө[оңдоо]

Адамдын турмушунда илим менен техникага чоң маани бергенине карабастан, Бэкон илимдин ийгиликтери «экинчи себепке» гана тийиштүү, мунун ары жагында кубаттуу жана таанып-билүүгө болбогон Кудай турат деп эсептеген. Мында Бэкон табият билиминин прогресси жалган ишенимдерди жокко чыгарган менен диний ишенимди бекемдээрин баса белгилейт. Ал «философиянын жеңил деми кээде атеизмге түрткөн менен анын көбүрөөк тереңирээк болгон деми динге кайтып алып келет» деп эсептеген.
Бэкондун оз заманындагы табият билимдерине жана философиянын андан аркы өнүгүшүнө тийгизген таасири зор. Анын жаратылыш кубулуштарын изилдөөдөгү аналитикалык илимий усулу, жаратылышты эксперименттик түрдө изилдеп-үйрөнүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү концепциясы XVI—XVII кылымдардагы табият илиминин жетишкендиктеринде өзүнүн оң ролун ойногон. Бэкондун логикалык усулу индуктивдик логиканын өнүгүшүнө түрткү берген. Бэкондун илимди классификациялашы илимдин тарыхында оң мүнөздө кабыл алынган, ал гана түгүл француз энциклопедисттери тарабынан илимдерди бөлүүдө негиз катарында алынган. Философиянын андан аркы өнүгүшүндө рационалисттик методологиянын тереңдеши Бэкон өлгөндөн кийин XVIII кылымда анын таасирин ылдыйлатса да, бирок андан кийинки кылымдарда Бэкондун идеялары жаңы жаңырыктарга ээ болгон. Алар XX кылымга чейин өзүнүн маанисин жоготкон эмес. Кээ бир изилдөөчүлөр (мисалы, Ж. Дьюи) аны азыркы интеллектуалдык турмуштун негиз салуучусу жана акыйкаттын прагматикалык концепциясынын жана амбары катарында карайт (мында анын «Иш-аракеттеги көбүрөөк пайдалуу болгон нерсе билимде да көбүрөөк акыйкат болуп чыгат» (Чыг. 2-т. 82-6] деген сөзү эске алынган).


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8