Абстракция

Wikipedia дан

Абстракция (лат. abstraktio) – таанып-билүүнүн диалектикалык жолунун этаптарынын бири; кубулушту, процессти үйрөнүүдө анын олуттуу эмес белгилери эске алынбастан, жөнөкөйлөштүрүп «таза түрдө» кароо ыкмасына негизделген изилдөө методу. "Философиялык көз караш: Абстрактуу - чагылдырылган, кабылдаган предметти, кубулушту башка предметтен бөлүп алган учур. (Мисалы: «Москванын кооздугу» же Пушкиндин гениалдуулугу»"

Балада алгачкы абстракция анын күндөлүк аракетинде калыптанат. Мисалы, эки жашка чейинки бала өңү бир түстөгү ар түрдүү оюнчуктардын ар башка экенин ажырата албайт же тескерисинче, ар башка түстө боёлгон оюнчуктардын бирдей экенин түшүнбөйт. Бирок чоңдордун жардамы менен тиешелүү предметтик аракеттерди өздөштүрүп, бала оюнчуктардын түстөрүнө байланышкан анын касиеттеринен тез эле абстракцияга өтөт, кандай түстө боёлгондугуна карабастан күрөкчө менен кум салып ойнойт.

Мектеп жашындагы балдарда болсо абстракциянын өнүгүшү түздөн-түз окууга (билим алууга) байланышкан. Бирок баланын адегендеги ойлоосу өтө эле конкреттүү болот. Мисалы, 1-класста бала 6 таякчага 2 таякчаны кошкондо канча таякча болорун өздөштүрсө да, ал таякчаларсыз 6га 2ни кошкондо канча болорун айта албайт. Бирок бара-бара практика жүзүндө буюмдар менен иштеп, билимге жана ыкмаларга ээ болгон сайын мугалимдин жетекчилиги астында окуучулар конкреттүү көрүнүштөн абстракцияга өтүү жөндөмдүүлүгүнө үйрөнүшөт. Окутуудагы абстракциялаштыруу окуучунун жалпы өнүгүшүн шарттайт, анткени ал анын окуу материалын өздөштүрүү кезиндеги анализдөө, салыштыруу ж.б. ойлонуу аракеттеринин негизинде калыптанат. Мисалы, геометрияда перпендикуляр түшүнүгүн туура кабыл алып өздөштүрүү, ал түшүнүктүн эң негизги белгилерин (эки түз сызык, алардын кесилиши, алардын арасында бурчтун тик болушу) анализдөөгө жана андан ары ал белгилерди конкреттүү көрүнүштөрдүн ар кандай формаларынан туура таап пайдаланууга негизделет; ар түрдүү буюмдардан же алардын сүрөттөлүштөрүнөн окуучулар перпендикулярдуулуктун негизги белгилеринин бар же жок экендигин издешет. Мында алар фигуралардын, моделдердин, буюмдардын жана ар түрдүү татаал курулуштардын кандай экендиктерине эч назар салбастан туруп, алардан перпендикулярдуулукту гана издешет. Натыйжада алар үйрөнүлүп жаткан объекттердин олуттуу эмес белгилеринен абстракцияга өтүүгө үйрөнүшөт.

Окутуу процессинде абстракция эки формада болот:

  • 1) конкреттүү объекттердин сезилүүчү көргөзмөлүү абстракциялары (схемалар, чиймелер);
  • 2) туюу органдарынын жардамы менен сезилбестен ойдон куралып сөз аркылуу түшүнүктү пайда кылуучу абстракция жаңы окуу материалын өздөштүрүүнүн биринчи этаптарында сезилүүчү абстракция өтө зарыл, анткени ал көргөзмөлүү, далилдүү жана ишенимдүү болот.

Окуу процессинде абстракциянын ар кандай деңгээли пайдаланылат, мунун өзү окуучулардын реалдуу чындыкты диалектикалык көз карашта үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мисалы, математика сабагында окуучуларга сандар – булар конкреттүү буюмдардын абстракциясы, тамгалар болсо сандардын абстракциясы, көптүктөр – тамгалардын абстракциясы ж.б. экендигине жана бул абстракциялардын улам кийинкиси улам мурдакысына салыштырмалуу жогорку даражадагы абстракция экендигин көрсөтүү алардын жалпы математикалык кругозорунун өсүшү үчүн өтө пайдалуу.

Абстрактуу түшүнүк[оңдоо]

Абстрактуу түшүнүк – абстрактуу конкреттүү эмес чындыкка коошпогон түшүнүк. Анда предметтин өзү эмес, анын сапаты жөнүндөгү ой элестетилет (Мисалы: «аппак», «оор», баатырдык ж. б.), б. а. даяр турган нерсеге өзгөчө көз караш. Чындыкка коошпогон түшүнүк жеке жана жалпы түрдө болот.

Абстракциялоо[оңдоо]

Абстракциялоо- абстракция процессин жокко чыгаруудан турат. Ойдогу бир нерселерди (убактылуу) ошол предметтердин түзүлүшүн жана байланышын бир нече жолу изилдеп жатканда, ушул этапта объектини таза түрдө кароо зарыл. Ойдогу бир нерселерди кайра калыбына келтирүү үчүн «Таза түрүндө» сыртка таштап салуу керек, анткени ушу турган объектинин анализине жалпы маселелери ээ эмес. Абстракциялоодо предметтин тереңиндеги ойдун кыймылы (жүрүшү), аны бөлүктөргө бөлүп, кыялга тизмектеп кароо, түшүнүктү көрсөтүү зарыл.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8