Бюджет статистикасы

Википедия дан

Бюджет статистикасы – статистиканын калктын турмуш деңгээлин изилдөөчү бөлүгү. Элдин материалдык жана рухий жактан камсыз болуу деңгээли мамлекеттик отчёттордун, түрдүү каттоонун, статистикалык байкоонун негизинде талданат. Бюджет статистикасы жумушчулардын, кызматчылардын үй-бүлөсүнүн кирешесин, чыгашасын жана керектөө өлчөмүн, алардын структуралык өзгөрүүсүн изилдейт. Улуттук кирешенин түзүлүшүн жана аны бөлүштүрүүнү тактоодо, жумушчулардын накта кирешесин эсептөөдө, баланстын кээ бир түрүн түзүүдө бюджеттин статистикасынын маалыматтары кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]