Бюракан Астрофизикалык Обсерваториясы
Көрүнүш
Бюракан Астрофизикалык Обсерваториясы – Армения Илимдер академиясында 1946-ж. Арагац тоосунда негизделген. Аспаптары: 100 см жана 53 смлүү Шмидт телескоптору, 2,6 м рефлектор жана башка. Радиоастрономиялык станция бар. Галактиканын түзүлүшүн, туруксуз объектилерди, галактикадан тышкаркы астрономияны жана башка изилдейт. Ленин ордендүү (1967).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4