Бүбүханым мечити

Википедия дан

Бүбүханым мечити – Амир Темир дооруна таандык архитектуралык эстелик. Өзбек Республиканын Самаркан шаарында жайгашкан. 1399–1404-ж. Амир Темирдин Индостандагы жеңишинин урматына салынган. Эл арасында Бүбүханымды Амир Темирдин жубайы дешет. Эстеликтин артына дагы 2 имарат жанаша салынып, бийик мунаралуу дубалдар менен айланта курчалган. Бул үч имараттын тең сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа. Эстелик чөгөрүлгөн асыл таштар, алтын жалатылган оймо-чиймелер, мозаикалар менен кооздолгон. Бүбүханым мечити Орто Азиянын орто кылымдагы архитектуралык курулуш өнөрүнүн үлгүсү болуп эсептелет жана кийинки архитектуралык курулуштардын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген эстеликтердин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]