Бүйлө

Википедия дан

Бүйлө — үстүңкү жана астыңкы жаактын альвеола өсүндүлөрүн каптап туруучу былжыр челдин бөлүгү.

Бүйлө ооз көңдөйүнүн кире беришинен ооздун түбүндөгү кыймылдуу былжыр челине чейин жайгашкан. Үстүңкү Бүйлө катуу таңдайдын жумшак тканына өтөт. Бүйлө тиштин түбүн бекем кармап, алардын арасында бүйлө урчуктарын пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8