Бүйүр кызытуу

Википедия дан

Бүйүр кызытуу - адамдын, социалдык топтордун, саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, мамлекеттик башкаруу органдарынын ж.б. коомдо орун алган тигил же бул процесске, окуяга же жараянга карата колдоо же колдобоо иретиндеги мамилеси, кызыгуусу, көз карашын кескин билдирүүсү.

Бүйүр кызытуу термини соңку мезгилдеги кыргыз коомчулугунда аракеттерди так жана даана билдирүү максатында журналисттер тарабынан көп колдонулууда. Мис., Бийлик тарабынан 2013-ж. оор кылмышкер А.Батукаевдин бир күн ичинде түрмөдөн чыгарылып, атайын уюштурулган учакка салынып өлкөдөн чыгарышып кетиши коомчулуктун Бүйүр кызытуу кан окуялардан болду, же «Улак тартуу» оюну 2014-ж. 9-14-сентябрда Чолпон-Ата ш. болуп өткөн көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк 1-оюнуна келген коноктордун Бүйүр кызытуу ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8