Бүлдүркөн

Википедия дан

Бүлдүркөн – роза гүлдүүлөр тукумунун дан куурай уруусундагы көп жылдык (бадалча) өсүмдүк. Сабагы майда тикендүү, Бийиктиги. 1 мдей. Гүлү кош жыныстуу, ак, мала кызыл. Мөмөсү кара кочкул же кызгылт, ширелүү данекче, бир нечеси биригип, топтошкон жемишти пайда кылат. Анын 400дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 42 түрү, 300дөй сорту бар. Кыргызстанда жапайы 1 (көгүлтүр Б.) түрү токойдо, бадал арасында, суу жээгинде өсөт. Мөмөсүндө С витамини, А провитамини бар. Кыям, джем даярдалат. Тамырынан, өркүнүнөн көбөйөт. Бир га жерден 5–7 о түшүм алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]