Бүлөөлү өрөөнү

Википедия дан

Бүлөөлү өрөөнү – Түштүк Кыргызстанда, Гүлчө суусунун оң жак куймасынан орун алган. Түндүк-батышынан Будалык өрөөнү, чыгышынан Көксуу өрөөнү, түндүгүнөн Андакул өрөөнү жана ашуусу менен чектешет. Өрөөндүн төрүндөгү Андакул ашуусунан Гүлчө суусуна чейин 42 кмге созулуп жатат. Туурасы 3–4 км. Басымдуу Бийиктиги. 3400–3500 м, эң жапыз жери 2850 м. Жалпысынан V сымал өрөөн. Баш жагы эки өрөөнгө (Чоң жана Кичи Бүлөөлү) бөлүнүп кетет. Экөөнүн чаты «Кошулуш» деп аталат. Көл-Чаты кыштагынан Гүлчө суусуна чейинки аралыкта тар капчыгай, капталдары аскалуу, шагылдуу, кыска жана терең кокту-колоттуу. Климаты мелүүн, континенттик. Июлдун орточо температурасы 17°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Өрөөн аркылуу Чоң жана Кичи Бүлөөлү суулары агып өтөт. Эки суу кошулган жерде суунун нугуна кум, ылай чөкмөлөрү топтолуп, айлампалар пайда болуп, суусу жай аккандыктан, бул жер «Көл» деп аталат. Бүлөөлүнүн куймалары: Шиве, Эркеч, Кайыңды, Чеп-Айрык. Жогору жагындагы суулар тар капчыгай аркылуу агып, кечүү бербегендиктен, жыгач көпүрөлөр көп. Тоонун күңгөй беттери каксоо келип, жарым чөлгө мүнөздүү шыбак, чекенде өсүмдүктөрү өсөт. Аскаларга жармаша өскөн сейрек арча жана табылгы, чие, шилби жана башка бадалдар кездешет. Жээгиндеги жайылмалары анча кенен эмес, бирок, дарактар (кайың, терек, тал, четин), бадал (шилби, итмурун, бөрү карагат) жыш өсүп, капчыгайга көрк берип турат. Кичи Бүлөөлүдө арча токою басымдуу. Жайык беттерге субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндүн ооз жагында Көл-Чаты кыштагы орун алган. Бүлөөлү «бүлөө таш көп кездешкен жер» деген мааниде.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]