Бүргүн

Википедия дан

Бүргүн (Aquilegia) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу; көп жылдык чөп. Сабагы тик өсөт, бийиктиги. 20–70 см. Жыш же сейрек түктүү. Жалбырагы айчык, терең тилкелүү, төмөнкү жалбырагы саптуу, жогоркусу сапсыз. Чөйчөкчөсү түстүү 5 жалбыракчадан, таажысы 5 желекчеден турат. Гүл коргону 5 мүчөлүү. Уругу жана вегетациялык жол менен көбөйөт. Жер жүзүндө 75, Кыргызстанда 5 түрү бийик тоодо, таш арасында өсөт. Бардыгы малды ууктурат. Гүлү кооз болгондуктан, чөмүч баш жана кадимки Б. өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]