Бүргөбаев Болотбек

Википедия дан

Бүргөбаев Болотбек (19.9.1947, Кара-Кулжа району, Сары-Булак айылы - 28.5.2000, ошол эле жер) - коомдук ишмер.

Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1969).

  • 1969-70 жана 1971-72-жылдары Ош облустук айыл чарба башкармачылыгынын башкы ветеринары,
  • 1972-75-жылдары Жаңы-Жол районунун Караван райветлабораториясынын директору,
  • 1975-77-ж.партиянын Жаңы-Жол райкомунун инструктору,
  • 1977-81-жылдары “Шевченко” колхозунун парткомунун катчысы,
  • 1981-87-жылдары “Ульянов” колхозунун башкармасы,
  • 1987-88-жылдары Өзгөн айыл чарба башкармасынын башчысы,
  • 1988-91-жылдары Совет райондук аткаруу комитетинин төрагасы,
  • 1991-92-жылдары Совет райкомунун 1-катчысы, Ош облустук жер комитетинин төрагасы,
  • 1992-96-жылдары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары,
  • 1996-98-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,
  • 1998-2000-ж.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары болуп иштеген.
  • Союздук ВДНХнын күмүш (1985) ж.б.медалдар менен сыйланган.

Ош облусунун, Жаңы-жол, Өзгөн, Кара-Кулжа, Чаткал, Ноокат райондук кеңештеринин депутаты болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6