Бүргөндү чопо кени

Википедия дан

Бүргөндү чопо кени Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Бүргөндү кыштагынан 3 км батышта, деңиз деңгээлинен 760–800 м бийиктикте. 1990-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыңдыгы 15 м ашкан кумайлуу чопо катмары конгломераттын үстүндө жатат. Кумайлуу чопо тыгыз, көзөнөктүү, бир түрдүү. “75”, “100” маркадагы кирпич өндүрүүгө жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 250 миң м3, В–490 миң м3, С1–1380 миң м3, А+В+С1–2120 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]