Бүргө баатыр

Википедия дан

Бүргө Итим бий уулу (болжол м-н 1763–1831-ж. чен)– манап, элдик баатыр. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн баатыр атакка жетишип, кушчу уруусунан хан көтөрүлгөн. Б. б-дын эрдиги казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган жортуулдарында өзгөчө көрүнгөн. Казак ханынын колун Балхаш көлүнүн аймагына чейин сүрүп барган. Б. б. Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердүү аралашкан. Кокон хандыгы сунуш кылган датка наамынан баш тартып, Олуяата, Сайрамдагы чептерге кол салган. Цинь императорунун чакыруусу м-н Кашкарга чейин барып, баалуу сый алган. Көз карандысыз саясаты үчүн аны Кокон ш-нын башчысы тымызын тыңчы жиберип, ууландыртып өлтүргөн. Кыргыздардын белгилүү баатырлары Атаке, Эсенгул, хан Садыр, Жаманак баатыр, Жайыл хан, Кошой баатыр, Түлөберди баатыр, Ажыбек баатыр м-н үзөңгүлөш, замандаш жашап, кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылган. Б. б. жоокерчилик м-н катар эле чарбачыл адам болгон. Азыркы Мерке облусундагы өзү жердеген жерге арык каздырып, суу чыгарткан, ал арык «Бүргөнүн Тогонду сайы» деп аталган. Б. б-дын өзүнө таандык кызыл кочкул түстөгү туусун, мөөрүн, жортуулда кийүүчү темир зоотун ж-а жоокердик кылычын урпактары азыркы кезге чейин сактап жүргөн.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]