Бүркүтмө

Википедия дан
Actias selene.

Бүркүтмө (spiraculum) – балыктардын кээ биринде алды жагындагы бакалоор жылчыгы. Ал жаак менен тил алдыңкы доолордун ортосунда жайланышкан. Анын сырткы тешиги көздүн артыраак жагында жатат. Азыркы убакта учураган балыктардын арасынан көпчүлүк эбелек бакалоордууларда (акула, скаттар), мекире балыктарда, күрөк баштууларда кездешет. Клапандар менен камсыздалынган бүркүтмө аркылуу суу кулкун көңдөйүнө сорулат. Куйруксуз жерде-сууда жашоочулар жана амниоттордо Б-гө тең келүүчү эмбрионалдык бакалоор жылчыкчадан ортоңку кулактын көңдөйү менен евстахий түтүгү пайда болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]