Бүркүт молибден кени

Википедия дан

Бүркүт молибден кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан түштүк-чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүндө. Кен аймагынын геологиясын палеозойдун гранитоиддери, кембрий-ордовик мезгилдеринде пайда болгон базальттуу конгломерат жана анын үстүндө жаткан, арасында акиташ, эффузия тоотектеринин катмарчалары бар каралжын көмүртек-кремний-чополуу сланецтери түзөт. Кен кеңдик багытта созулуп жаткан каралжын көмүртек-кремний-чополуу сланец катмарларынын 3- жана 5-горизонтторунда топтолгон. Анда органикалык заттар 70%ке чейин болгондуктан сейрек элементтердин адсорбенттик шартын пайда кылган. Молибден аморфтуу сульфид, ванадий–беш кычкылдуу ванадий түрүндө жолугат. Руда зонасы Оттук суусунан батышты карай созулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]