Бүркөнчөк, бүркөн

Википедия дан

Бүркөнчөк, бүркөнүйлөнүү тоюндагы кыздын кийминин бир бөлүгү. Келин күйөөсүнүн айылына 1– жолу бара жатканда жүзүн баш киймине төйнөлгөн жапырак ак чүпүрөк менен жаап алган, аны бүркөнчөк деп аташкан. Бүркөнчзк келин боз үйгө кирээрде бала же өспүрүм тарабынан алынган. Бүркөнчөктүн ак түстөгү кездемеден болушу, анын ниетинин актыгын, пейлинин тазалыгын билдирген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]