Бүткүл Дүйнөлүк Метеорология Уюму
Көрүнүш
Бүткүл Дүйнөлүк Метеорология Уюму – метеорологиялык байкоолорду, изилдөөлөрдү өркүндөтүү, улуттук метеорология менен гидрометеорология иштерин координациялоо боюнча Эл аралык кызматташтыкты арттыруу максатын көздөгөн бүткүл дүйнөлүк уюм. 1951-ж. БУУнун алдында уюшулган, ага 187 мамлекет мүчө (2005-ж.). Жогорку органы метеорологиялык конгресс, 4 жылда бир жолу чакырылат. Иш жүргүзүүчү органы Секретариат, Женевада (Швейцария).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4