Бүткүл дүйнөлүк убакыт

Википедия дан

Бүткүл дүйнөлүк убакыт, эл аралык убакыт – баштапкы меридиандагы (0°) орточо күн убакыты. Меридиандын башталышы үчүн шарттуу түрдө Гринвич (Улуу Британия) обсерваториясынын меридианы кабыл алынган. Астрономиялык байкоолордо, Эл аралык телеграф, телетайп байланыштарында жана башкаларда пайдаланылат. Мында убакыт түн ортосунан баштап саналат. Кыргызстандын убакытынын Бүткүл дүйнөлүк убакыттан айырмасы 5 саат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]