Бүт тепсемей
Көрүнүш
Шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн аянтчада, сахнада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Катышуучулар экиден болушуп, бир бирин карашып, эки колун белинин артына коюп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ар ким бири биринин буттарын тепсөөгө аракеттенет. Оюнчулар бири биринин буттарын тепсегенден кийин атаандаштары менен алмашып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышат. Көп жолу атаандаштарынын буттарын тепсеген оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бири бирин колдору менен түртүүгө, тартууга, тебүүгө, кармоого болбойт.
Методикалык көрсөтмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын бут кийимдери жумшак болушу керек.
Педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.