Бөгөттөө, техникада

Википедия дан

Бөгөттөө, техникада - машина же электр түзмөктөрүнүн жумушчу элементтерин (органдарын) бекитүүнү камсыз кылуучу каражаттар жана ыкмалар жыйындысы. Өнөр жай мекемелеринин, электр станцияларынын жана подстанциясынын, энергия системасынын, ошондой эле өндүрүштүн түрдүү түзүлмөлөрүнүн, тиричилик прибору жана аппараттарынын, транспорт жабдыктарынын ишенимдүү иштешин жана аларды тейлөөнүн коопсуздугун арттырат. Анда механикалык, оптикалык, магниттик же электрдик байланыштар менен ишке ашырылат жана машина же аппараттын алгачкы абалга кайтып келишине же жаңы жумушчу абалга өтүшүнө таасир этүү токтотулат. Ал жарым автоматтык, автоматтык же кол менен иштетилип, транспорт, энергия системасында, эсептөө техникасынын түзүлмөлөрүндө, тиричилик жана өнөр жай аппараттарында, приборлордо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]