Бөкейханов Алихан Нурмухамед уулу

Википедия дан

Бөкейханов Алихан Нурмухамед уулу (25. 3. 1866, мурдагы Семей облусу, Каркыралы уезди, Токыраун болуштугу – 27. 9. 1937, Москва) – Казакстандын коомдук жана мамлекеттик ишмери; улуттук-боштондук жана Алаш кыймылынын жетекчиси, Алаш-Ордо автономиялык өкмөтүнүн төрагасы, публицист, илимпоз, котормочу. Каркыралы шаарындагы мектепти (1886), Омскидеги техникалык окуу жайын (1890), Санкт-Петербургдагы токой чарба институтунун экономика факультетин (1894) бүтүргөн. Санкт-Петербургда окуп жүргөн мезгилде студенттик кыймылга активдүү катышкан. Институтту аяктаган соң Омск токой чарба окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1896–1903-жылдары Россия империясынын казак жергесине жүргүзгөн экспедициясына катышкан. Экспедиция учурунда ал падышалык Россиянын жүргүзгөн колониялык саясатын иш жүзүндө терең баамдап жана ага каршы күрөш жүргүзүү үчүн бүткүл казак элин бириктирүүнү, бул күрөштө расмий бийликке каршы турган саясий күчтөргө таянууну көздөгөн. Бөкейханов 1905-ж. «Эл боштондугу» (конституциялык-демократиялык) партиясына мүчө болуп кирген. Ал Семей облусунан I Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок ошол мезгилде талаа генерал-губернаторунун указы менен Павлодар түрмөсүндө 3 ай негизсиз камалгандыктан, Думага катыша алган эмес. 1906-ж. Омскиде чыккан «Голос степи», «Иртыш», 1908-ж. Петербургда «Товарищ», «Речь», «Слово» гезиттеринде редакторлук кызмат аткарган, ошондой эле «Казак» гезитинин жарык көрүшүнө жана анын улуттук деңгээлге көтөрүлүшүнө зор эмгек сиңирген. 1912–17-жылдары кадеттер партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөсү болгон. 1917-ж. Убактылуу өкмөттүн Торгой областтык комиссары жана Түркстан комитетинин мүчөлүгүнө дайындалган. Анын демилгеси менен 1917-ж. 1-Бүткүл казак съезди өткөрүлгөн жана «Алаш» партиясы түзүлгөн, ошондой эле жылы Б. менен Байтурсынов баштаган биртоп казак лидерлери 1917-ж. кийинки съездде «Алаш-Ордо» өкмөтүн түзүшкөн. Кийин бул өкмөт Совет бийлигине каршы күрөшүп, ак казактар менен падышалык генералдар тарабында болгон (1919–20-жылдары Совет өкмөтү Алаш кыймылына катышкандарга кечирим жарыялаган). 1920-ж. Казак АССРинин Дыйканчылык Эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү, 1922-ж. Москвадагы Улуттук иштер комиссариатынын басмасында илимий кызматкер, 1926–27-жылдары Россия Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. Казак ССРинин Жогорку сотунун өкүмү менен атуу жазасы берилген. Акыркы тергөөдө ал «Алаш» партиясынын Совет бийлигине каршы аракеттерине байланыштуу бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган. 1989-ж. акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]