Бөкөнбаев гранит кени

Википедия дан

Бөкөнбаев гранит кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Бөкөнбаев кыштагынан 5 км түштүк-батыш тарапта, Дубана тоосунун чыгыш жак этегинде. 1975-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Аймагын ордовик мезгилинде жиреп чыккан интрузия тектери түзөт. Кен интрузиянын арасында 2 фазада пайда болгон, орточо жана майда кристаллдуу бозомук, кызгылтым граниттен турат. Гранит бекем, аз жаракалуу, үбөлөнүүгө дуушарланбаган. Аянты 200x300 м. Жүк көтөрүмдүүлүгү, кысууга чыдамдуулугу, суукка туруктуулугу жогору. Блоктун чыгышы 30–40%. Граниттен курулуш таштарынан сырткары кооз белек буюмдарын да жасоого болот. Запасы 1 млн м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]