Бөкөнбай Боркеев

Википедия дан

Боркеев Бөкөнбай – жазуучу, котормочу жана теле-журналист. Талас районунун Кырк-Казык айылында 1948-жылы 1-январда туулган. 1955–1959-жж. Кырк-Казык орто мектебинде, 1959–1963-жж. Чалдыбар мектеп-интернатында, 1963–1966-жж. Кырк-Казык орто мектебинде окуган.

1967-жылдын 5-январынан 7-сентябрына чейин Кең-Кол башталгыч мектебинде мугалим болуп иштеп, ошол жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өткөн. Аны бүткөндөн кийин 1972–1975-жж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында котормочу, 1975–1979-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясында редактор, улук редактор, бөлүм башчы, 1979–1980-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин пропаганда бөлүмүнүн башчысы, 1980-жылдын 22-апрелинен 1980-жылдын 8-октябрына чейин Кыргыз телеграф агенттигинде редактор, 1980–1985-жж. «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, 1985–1986-жж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик басма комитетинин жетектөөчү редактору, 1986-жылдын 4-ноябрынан Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинин балдар жана жаштар башкы редакциясынын баш редакторунун орун басары, 1989-жылдан көркөм-оюн-зоок редакциясынын башкы редакторунун орун басары, 1994-жылдан «Манас» студиясынын башчысы, 1997-жылдан «Манас» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин продюсери, 1997-жылдан «Рух» продюсердик борборунун директору, 2003-жылдан «Ибарат» маданий-агартуу борборунун баяндамачысы болуп иштеп келген.

1970-жылы Аман Көчөрбаев агайы менен бирдикте «Ленинчил жаш» гезитине «Түбөлүк жаз» деген чакан публицистикалык этюд жарыялаган. Ошондон тартып макала, аңгеме, сатира, юмор, очерктери республикалык басма сөздө, жаштар жыйнактарында жарыяланып келген. Обончулардын чыгармачылыгын иликтеген 500дөн ашык макала, аңгеме, очерктерди жазган.

Кыргыз телекөрсөтүүсүндө элге кеңири маалым «Шерине», «Кадыр түн», «Ыр кесе», «Манастын эл-жери», «Манас – 1000» мааракеси, «Ысык-Көл» жана «Талас таңшыйт» эл аралык эстрада жана фольклор телефестивалдары, «Улуу маараке ушинтип башталган», «Манас феномени», «Манастын урпактары», «Жылдын мыкты ыры», «Биз силерди сагындык» ж.б. көрсөтүүлөрүн уюштурган.

Рысбай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына арналган макалалар жана көрсөтүүлөр сериясы үчүн Абдыкадыров фондусунун биринчи байгесине, милиция кызматын насыяттаганы үчүн 4 ирет Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасына, КОР программасын насыяттаганы үчүн Өкмөттүк үчүнчү байгеге ээ болгон.

Журналисттер союзу уюштурган бир нече сынактын жеңүүчүсү болуп, телекөрсөтүүнүн «Жылдын мыкты журналисти» наамына татыган. 1995-жылы «Манас –1000» медалына, 2001-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2009-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине татыктуу болгон.

1978-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эптекей: Сатиралык аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 88 б.

Ырга айланган өмүр: Обончулар жөнүндө портреттик макалалар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 160 б.

Утуш: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 150 б.

Рыспай: Даректүү роман. – Б.: Шоола, 2005. – 592 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гринвунд Джеймс. Кичинекей самтырак: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1981.

Сегиз жылдык мектептердин программалары. – Ф.: Мектеп, 1981.

Пришвин М.М. Досума кеткен жол. – Ф.: Мектеп, 1983.

Фурин С.. Жаш кабарчыга. – Ф.: Мектеп, 1982.

Толстой Л.Н. Орус балбаны кантип күрөшкөн. – Ф.: Мектеп, 1984.

Афанасьева Т.М. Үй-бүлө (Жогорку класстар үчүн окуу куралы) – Ф.: Мектеп, 1986.

Румын жазуучуларынын повесттери. – Ф.: Мектеп, 1986.

Советтик аскер башчылары. – Ф.: Кыргызстан, 1990.

Кыргызстан тарыхы. Жогорку класстар үчүн окуу китеби. – Ф.: Мектеп, 1994.

Кыргыз Республикасынын жазык укугу. Юридикалык жогорку окуу жайлар үчүн окуу китеби, 2005.

Верищагин Д. Аруулануу. – Б., 2007.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]