Бөлчөк (арифметика)

Википедия дан
Бөлчөк 3/4.

Бөлчөк (арифметика) – арифметикалык 1дин бир же бир нече барабар бөлүктөрүн (үлүштөрүн) туюндурган сан. Бөлчөк — (же a/b) символу менен жазылат, мында а жана b бүтүн сандар. Бөлчөктүн бөлүмү b канча барабар бөлүккө бөлүнгөнүн, ал эми алымы a ошол бөлүктөрдөн канчоо алынганын көрсөтөт. Эгер бөлчөктүн алымы бөлүмүнөн кичине болсо, анда a/b бөлчөгү дурус бөлчөк, тескерисинче болсо буруш бөлчөк, бөлүмү 10 санынын даражасы түрүндө көрсөтүлгөн Б. ондук Б. деп аталат. Эгер a/b бөлчөгүнүн алымын жана бөлүмүн бир эле санга көбөйтсөк, бөлчөктүн чоңдугу өзгөрбөйт. Ошондуктан, каалагандай a/b жана c/d бөлчөкөтөрүн бирдей бөлүмгө келтирсе болот. Мындан сырткары, бөлчөктүн алымын жана бөлүмүн бир эле санга бөлүп, аны кыскарта алабыз. Натыйжада каалаган бөлчөктү кыскарбас бөлчөк түрүндө көрсөтсө болот. Бөлүмдөрү бирдей a/b жана c/b бөлчөктөрүн төмөнкү a c a ± c эреже боюнча кошуп, кемитебиз: — ± — = b d b Бөлүмдөрү ар түрдүү a/b жана c/d Б-төрүн кошуп, кемитүү үчүн аларды жалпы бөлүмгө келтирүү, башкача айтканда b жана d сандарынын эң кичине жалпы бөлүнүүчүсүн табуу керек.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Бөлчөктүн негизги касиети