Бөлүкчөлөрдүн дифракциясы

Википедия дан

Бөлүкчөлөрдүн дифракциясы - электрон, нейтрон, атом ж. б. микро бөлүкчөлөрдүн өз энергиясын өзгөртпөстөн кристаллдын бетинен же суюктуктун жана газдын молекулаларынан чачырашы.

Чачыроо учурунда баштапкы бөлүкчөлөрдөн белгилүү бурчка кыйшайган кошумча бөлүкчөлөр тобу пайда болот. Бөлүкчөлөрдүн толкун касиетине ээ болуу гипотезасын 1-жолу 1924-ж. француз Л. де Бройль айткан. 1927-ж. амер. физиктер К. Девиссон менен Л. Джермер электрондордун дифракциясын ачышып, Л. де Бройлдун гипотезасынын туура экендигин аныкташкан.

Кийинчерээк молекулалардын, атомдордун, протон менен нейтрондордун дифракциялары да ачылган. Чачыраган микро бөлүкчөлөр тобунун багыты менен интенсивдүүлүгү чачыратуучу нерсенин түзүлүшүнө көз каранды. Бөлүкчөлөр жалаң гана корпускула касиетине ээ болбостон, толкун касиетине да ээ болушун Бөлүкчөлөрдүн дифракциясы айкын көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.