Бөлүнбөс фонду

Википедия дан

Бөлүнбөс фонду -колхоздун негизги жана айланма каражаттары. Ал анын өз салымынын эсебинен түзүлөт.

Бул каражаттар колхоз мүчөлөрүнө бөлүштүрүлбөйт да, атайын керектөөгө гана жумшалат. Бөлүнбөс фонду адегенде колхозго кирген дыйкандардын мүчөлүк анысынан жана коомдоштурулган мүлкүнүн наркынан куралган. Кийинчерээк колхоз кирешесинин жыл сайын чегерилүүчү бөлүгү Бөлүнбөс фондуну толуктоо жана көбөйтүү булагы болуп калды. Анын өлчөмү колхоздун Уставында белгиленет.

Бөлүнбөс фондуга: өз салымынын, маданий-техникалык чараларга жумшалуучу мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынган негизги каражаттардын наркы ж. б. кирет. Кирешеден чегерүү, капиталдык салымдын жана капиталдык ремонттун фондусунун эсебинен сатылып алынган машина, аспап, тетиктердин наркы ж. б. Бөлүнбөс фондунун айланма каражаттарын түзөт. Бөлүнбөс фондунун өлчөмү жана көбөйүшү - колхоздун коомдук чарбасынын өсүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.