Бөлүштүргүч вал

Википедия дан

Бөлүштүргүч вал – машинанын ар кандай операцияны катары менен аткаруу тартибин жана процесстин кайталанып турушун башкаруучу түзүлмө. Ал кээде муштумчалуу вал деп да аталат. Бөлүштүргүч вал ичинен күймө кыймылдаткычта, станокто, машинада колдонулат. Анын башкаруучу органы муштумчалар. Машинанын түзүлүшүнө жараша муштумчалар вал менен туташ жасалат, кээде ал муштумчалары бөлөк жасалып, вал отургузулушу мүмкүн. Ал ичинен күймө кыймылдаткычта газ бөлүштүрүүчү органдарды, станокто технологиялык процессти иштетүү тартибинен баштап, ар кандай аспаптарды алмаштыруучу механизмди башкарууга арналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]