Бөлөкбаева Венера

Википедия дан

Бөлөкбаева Венера – акын. Токтогул районунда 1969-жылы 20-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1997-жылы жаш акын-жазуучулардын республикалык “Ала-Тоо – 97” фестивалынын лауреаты болуп, “Сорос – Кыргызстан” фондусунун демөөрчүлүгү менен “Гүкү энем” деген алгачкы ырлар жыйнагы 1998-жылы жарыкка чыккан.

2004-жылы Эл аралык Айтматов фондунун, Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалыктын колдоосу менен өткөн жаш авторлордун “Дебют – 2004” адабий сынагына прозалык чыгармалары менен катышып Эл аралык Айтматов фондусунун Ысык-Көл жээгиндеги “Мастер-Класс” жайкы мектебинде окууга мүмкүнчүлүк алган жана прозалык (виньет) чыгармалары 2-орунга татыктуу болуп, кыргыз, орус, англис тилинде чыгарылган “Алманын мөмөлөрү” аттуу альманахка киргизилген.

Ырлар жана ой-толгоолордон турган “Жүрөгүмдө” аттуу китеби Республикалык жаштар сыйлыгына татыктуу болгон.

Республикалык “Айтыш” коомдук фондусунун “Калемгер” адабий клубу уюштурган 2005, 2006-жылдагы сынагында “Мыкты аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү” деген II даражадагы дипломдор менен сыйланган.

1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүкү энем: Ырлар. – Б.: Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, 1998. – 40 б.

Жүрөгүмдө: Ырлар жана ой-толгоолор. – Б.: Фиеста Бланка, 2005. – 100 б.

Көңүл: Прозалык чыгарма. – Б.: Фиеста Бланка, 2008. – 98 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]