Бөлөкбаева Рысбүбү

Википедия дан

Бөлөкбаева Рысбүбү - жазуучу, филолог. Талас районунун Кара-Ой айылында 1951-жылы 8-июнда туулган.

Фрунзе шаарындагы №1 мектеп-интернатын, 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун телекөрсөтүү жана радио уктуруулар боюнча Мамлекеттик Комитетинде машинистка болуп иштөө менен баштаган. 1974–1976-жж. «Эфирде Кыргызстан» (азыркы «КТР – Обо») гезитинде редактор, 1976–1993-жж. Кыргыз радиосунун адабий-драмалык башкы редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.

Мектепте 9-класста окуп жүргөндө биринчи жолу «Музыка» деген ыры «Жаш Ленинчи» журналына жарыяланган.

1978-жылы өткөн жаш жазуучуларынын Орто-Азия жана Казакстан регионалдык семинар-кеңешмесине катышкан.

Ал Виктор Астафьевдин, Альберто Моравианын, Нурали Кабулдун, Сайын Муратбековдун, Александр Ивановдун ж.б. бир катар чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Белгилүү жазуучу жана окумуштуу Дайырбек Казакбаевдин чыгармаларынын эки томдугунун түзүүчүсү.

1996-жылдан Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыптуу эмес: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1974. – 123-129 б. (жамаат. жыйнакта).

Турмуш: Повесть: – Ф.: Мектеп, 1978. – 37 б.

Мен аяган сезимдер: Аңгеме – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 51–64 б. (жамаат. жыйнакта)

Өгөй энем – өз энем: Повесттен үзүндү. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 48–64 б. (жамаат. жыйнакта)

Кесир аял: Уламыш жана аңгемелер: – Б.: Бийиктик, 2009. – 82 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Безнравственная: Легенда и рассказы: – Б.: Бийиктик, 2009. – 82 с.


Котормосу

Муратбеков С. Жалбыз жыты: Аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 274–298 с. (коллект.сборник)


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]