Кенгуру сымалдар
Көрүнүш
(«Бөрсөлөр» барагынан багытталды)
Бөрсө(кенгуру) сымалдар (лат. Macropodidae) – баштыкчан сүт эмүүчүлөрдүн тукуму. Дене узундугу 25– 160 см, куйругу 15–105 см, салмагы 1,4–90 кг. Секиргенде куйругу тең салмактуулукту сактап, тынч турганда таяныч катары кызмат аткарат. Карыны татаал түзүлүштө, көп камералуу. Өсүмдүк менен азыктанат. Азыгын кулгуп кепшейт. 15–17 уруусу, 55тей түрү Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинея, Бисмарк архипелагында таралган. Жерде секирип жүрөт. Жылына бир жолу бирди (чанда 2) тууп, 6–8 ай баштыгында алып жүрүп жетилтет. Айрым түрүнө эти, териси үчүн мергенчилик кылынат, фермаларда өстүрүлөт. Азайып кеткендиктен, 9 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9