Бөрyбаев, Алтай Асылканович

Википедия дан

Бөрyбаев Алтай Асылканович (1950), физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998, 2002), КР УИА академиги (2000).

Кыргыз. Талас облусу Талас районундагы Кара-Ой айлында туулган.

КУУну (1972), ошол эле жерде аспирантураны (1975) аяктагандан кийин кафедра башчысы, декан, проректор болуп эмгектенген. КР билим берүү министринин орун басары, КМПУ жана КУУнун ректору болуп иштеген, ал эми 2000-жылдан бери КР ЖК Эл өкүлдөр жыйынын төр агасы болуп эмгектенүүдө.
Геометрия, топология жана аларда компьютерди колдонуу илимий багытында иштейт. КР илимине эмгек синирген ишмер (1995), Кыргыз ССРинин Ленин комсомол сыйлыгынын лауреата (1981), Бир нече эл аралык коомдук академиялардын академиги жана дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу профессору.

100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 монография жана 4 окуу китебинин ээси. Анын жетекчилиги астында 2 доктор жана 10 кандидаттык диссертациялар корголду.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Math-bio-stub