ВКП(б)нин он алтынчы конференциясы.

Википедия дан

ВКП(б)нин он алтынчы конференциясы 1929-ж. 23—29-апрелде Москвада өткөн.

Ага чечүүчү добуш менен 254, кеңеш берүүчу добуш менен 679 делегат катышкан. Эл чарбасын өнүктүрүүнүн беш жылдык планы, айыл чарбасын жогорулатуу жолдору жана ор­то дыйкандарды салыктан жецилдетүү, бюрократизмге каршы күрөштүн жыйынтыгы жана жакын арадагы мил­деттери, партиянын катарын таза­лоо жана текшерүү жөнүндөгү маселелер каралган. Негизги маселе эл чарба­сын өнүктүрүүнүн 1-беш жылдык планы (192833) болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.