ВКП(б)нин он бешинчи конференциясы

Википедия дан

ВКП(б)нин он бешинчи конференциясы 1926-ж. 26-октябрдан 3 - ноябрга чейин Москвада өткөн.

Конференцияга чечүүчу добуш менен 194, кеңеш берүүчү добуш менен 640 делегат катышкан.

Анда эл аралык абал, өлкөнүн чарб. абалы, профсоюздар ишинин жыйынтыктары - жанa кезектеги милдеттери, оппозиция жанa партий­ный ички абалы жөнүндөгү маселелер каралган. Конф-янын рез-ясында калыбына келтирүү мезгили аяктаганы, эл чарбасы жаңы өнүгүү мезгилине, б. а. чарбаны жаңы техникалык негизде кайра куруу мезгилине киргени, о. эле өнөр жайды ылдам темпте өнүктүрүү жанa материалдык каражаттар менен камсыз кылуу чаралары белгиленген; өнөр жай жагынан өнүккөн капит. өлкөлөрдү кыска мөөнөттө кууп жетип, озуп кетүү милдети коюлган; профсоюздар иштери жөнүндөгү рез-яда өлкөнү соц. индустриялаштыруу, чарбачылыкта үнөм тартибин катуу сактоо, массага коммунисттик тарбия берүүдө профсоюздардын ролун күчөтүү, ө. ж. ишканаларында өндүрүштүк кеңешмелерди жакшы өткөрүү чаралары аныкталган. Конф-я оппо­зиция ж-a партиянын ички абалы тууралуу маселени талкуулап, пар­тиянын башкы жолун троцкийчил-зиновьевчил блоктон коргоп калган.

«ВКП(б)деги оппозициялык блок жөнүндөгү» резолюцияда троцкийчил-зиновьевчил блокту партиянын ичиндеги с.-д. меньшевиктик уклон деп мүнөздөп, ал блокко каршы катуу күрөш алып баруу чараларын белгилеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.